ТИМ Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандыктарды этият болууга чакырды
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган региондо жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке коопсуздук чараларын сактоону кайрадан сунуштайт.
Атап айтканда:
- өзгөчө этият болуу;
- адамдар көп чогулган жерлерден алыс болуу;
- аскердик жана стратегиялык объекттерге жакын барбоо;
- кырдаал турукташканга чейин бул өлкөлөргө барууну пландоодон баш тартууну;
- авиакаттамдардын статусу боюнча маалыматты үзгүлтүксүз текшерип туруу.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда же консулдук жардамга муктаж болгон учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине, ошондой эле КР ТИМдин Консулдук департаментине дароо кайрылууну өтүнүбүз:
- КРдин Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 58 881 3567;
- КРдин Катар Мамлекетиндеги Элчилиги: +974 5066 7001;
- КРдин Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги: +965 5170 2180;
- КРдин Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги: +966 58 376 9945;
- КРдин Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги: +971 2558 4955;
- КРдин Түркия Республикасындагы Элчилиги: +90 545 689 68 00;
- КРдин Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги: +98 935 250 52 26;
- КР ТИМинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.
