Ошто жер титирөө катталды
Ошто жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 12-мартта саат 09:11де катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.
Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Таштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин, Кара-Суу шаарында 4 баллга (Шарк айылынан 2 чакырым батышта, Кызыл-Кыштак айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Таштак 3 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 3 чакырым түндүктө, Нариман айылынан 4 чакырым түштүктө, Кара-Суу шаарынан 16 чакырым түштүк-батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
