Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Мадяров Тимур Мысырович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
