Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кармалганы кабарланууда
24 июнь

Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кармалганы кабарланууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери бүгүн, 24-июнда Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевди кармап кеткени кабарланууда. 

Бир катар ЖМКлар жазгандай, 23-июнда Инстаграмдагы tokmok_live баракчасында Токмок шаарынын 1-3-кичи райондорунун тургундарыбыз деген адамдар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Видео кайрылууда ал аймакка салынып жаткан жаңы сейил бактын курулушу убагында бүтпөй, курулуш сапатсыз жүрүп жатканын айтышкан.

Region телеканалы тараткан шаар мэри менен чогуу УМС башчысы жана Аль-Кадр курулуш компаниясынын жетекчилиги да кармалгандыгын жазды. Камакка алуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилиги астында Токмок шаарында өтүп жаткан жыйындын жүрүшүндө орун алган.

Бул окуя тууралуу УКМК азырынча расмий маалымат тарата элек. 

Эске сала кетсек, Максат Нусувалиев 2023-жылдын майында Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.