Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров кызматын тапшырды
Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров кызматынан кетүү боюнча арызын 2025-жылдын 23-июнунда жазды. Ал арызында кызматтан кетүү себептерин үй-бүлөлүк жагдайлар менен негиздеген.
Сатаров бул кызматты 2024-жылдын июль айында ээлеп, тиешелүү буйрукка 23-июлда Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кол койгон. Ал 1988-жылы Түп районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. Билими боюнча англис тили мугалими.
Эмгек жолунда Түп райондук администрациясы жана Талды-Суу айыл аймагында ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалап, 2023–2024-жылдары Түп райондук өнүктүрүү фондунда иштеген.
