Мыйзам долбоору: Жарандар укугу бузулса Акыйкатчыга электрондук кат менен кайрыла алышат
КР Акыйкатчынын ыйгарым укуктары кеңейтилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында “КР Акыйкатчысы тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду
Мыйзам долбоорунда Акыйкатчыга карата талаптар да өзгөртүлгөн, мисалы, соттолгондугу бар адам бул кызмат ордуна талапкер боло албайт.
«Мыйзам долбоорунда Акыйкатчынын укуктарын кеңейтүүгө аракет жасадык. Акыйкатчы эгерде кайсы бир министрликке барып, түшүндүрмө талап кыла албаса, бул институттун эмне кереги бар дегендей. Ал аудит же тергөөчү катары барбайт, болгону кайсы бир министрликте адам укугу бузулган болсо, ал жерге кирип окуяны териштирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Азыр министрлик, мекемелер кааласа Акыйкатчыны киргизбей кое алышат», – деди демилгечилердин бири Марлен Маматалиев.
Ошондой эле, анын айтымында, мыйзам долбоорунда жарандардын кайрылуусу боюнча бир жылдын ичинде жыйынтык чыгарылышы керектиги белгиленген.
«Бул жарандардын кайрылуусуна өз убагында реакция жасалышы үчүн керектелет. Бир жылда жетишпей калышса, дагы бир жыл кошушат. Бирок негизи 1 жылдын ичинде кайрылуулар боюнча жыйынтык чыгарылышы керек, кароо андан узак создуктурулбоого тийиш», – деди Маматалиев.
Андан сырткары электрондук кат да кошулганын, эми жаран укук бузуулар боюнча үйүндө отуруп, электрондук кат менен Акыйкатчыга даттанууга мүмкүнчүлүк алаарын кошумчалады.
