Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Кытайдагы Синфу фармацевтикалык компаниясында болду
27 апрель

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Кытайдагы Синфу фармацевтикалык компаниясында болду

2025-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Сиань шаарында жайгашкан Цинхуа Дерен Сиан Синфу фармацевтикалык Co., Ltd.компаниясына барды.

Xingfu Pharmaceutical компаниясы кытайлык салттуу медицинанын заманбап технологияларын жана ыкмаларын колдонуу менен табигый ингредиенттердин негизинде дары-дармектерди чыгарууга адистешкен. Компаниянын продукциялары эл аралык сапат стандарттарына ылайык сертификацияланган жана Кытайда да, чет өлкөлөрдө да кеңири колдонулат.

Иш сапардын жүрүшүндө министр өндүрүш процесси, илимий лабораториялар жана өндүрүлгөн продукциянын ассортименти менен таанышты. Ошондой эле компаниянын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, анда тараптар компаниянын Кыргыз Республикасында расмий өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

«Биз кыргызстандыктардын табигый ингредиенттердин негизиндеги заманбап жана коопсуз дары-дармектерге жетүүсүнө кызыкдарбыз. Мындай өндүрүүчүлөр менен кызматташтыкты түзүү өлкөдөгү фармацевтика тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», – деп баса белгиледи Эркин Чечейбаев.