Бишкектеги Жумабек көчөсү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылды
Жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Жумабек көчөсү Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылды.
Мэриядан кабарлашкандай, учурда эски асфальтын сыйруу, дүмүрлөрдү жулуу иштери жүрүп жатат.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин бул тилкеге жаңы жол салынып, жолдун эки тарабына тротуар курулуп, ирригация системасы болот.
