Төө-Ашуудагы туннелдин айланасын оңдоп-түзөөгө даярдык иштери башталды
Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин айланасын иретке келтирүү иштери активдүү башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жер негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө. Ал эми айдоочуларга убактылуу ыңгайлуу шарт түзүү үчүн аталган участокто аң-чɵнɵктөрдү жамоо иштери аткарылууда.
Бишкек — Ош авто жолунун аталган тилкесин капиталдык оңдоо долбоорунда тоннелдин кире беришине авто унаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ тартуу зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.
Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында айтылган мɵɵнɵттɵ тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.
