Сокулук районунда 51 трансформатор оңдолуп, 540ы техникалык тейлөөдөн өттү
24 июнь

Сокулук районунда 51 трансформатор оңдолуп, 540ы техникалык тейлөөдөн өттү

Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого койгон пландарынын алкагында, энергетиктер Сокулук районунда 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 30%га аяктады.

Быйылкы жылга пландаштырылган иштердин алкагында 51 даана трансформатордук көмөк чордонду, 30 даана күч трансформаторун, 12 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүштү.

Мындан тышкары 540 даана трансформатордук көмөк чордон жана 690 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Бул иштер Сокулук районунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат. Калган техникалык тейлөө, капиталдык оңдоо иштери 2025-жылдын 1-ноябрына чейин толук аяктайт.

Аталган иш Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылууда.