Шашылыш билдирүү! Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт
4 апрель

Шашылыш билдирүү! Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт

Ушул жылдын 5-7–апрелинде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу арыктарды тазалоо, жээктерин бекемдөө жумушу жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан да жүргүзүлүшү зарыл.

"Урматтуу жарандар, берилген шашылыш билдирүүгө карата коопсуздук эрежелерин эске алыңыз. Өзүңүздүн турак-жайыңызды коргоо иш-чараларын жүргүзүңүз. Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз", - деп айтылат билдирүүдө.