Түркияда 648 адам шаурмага ууланды
4 апрель

Түркияда 648 адам шаурмага ууланды

Түркиянын Кожаэли провинциясындагы Керфез районундагы ресторанда тооктун этинен жасалган шаурма жеген 648 адам уулануу белгилери менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

"Кожаэлиде 648 адам тамак-аштан ууланууга шектелип ооруканага жаткырылды. 646 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин чыгарылып, эки бейтаптын дарылануусу уланууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Бийликтин маалыматы боюнча, жабырлануучулар жүрөк айлануу, дене табы көтөрүлүү жана кусуу белгилери менен ооруканага кайрылышкан.

Бул окуядан кийин эки адам кармалып, мекемеге мөөр басылган.