Шайлоо боюнча мыйзам долбоору: мамлекеттик органдар сын-пикирин жана сунушун айтышты
Жогорку Кеңеште бүгүн, 4-апрелде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттик угуудан өткөрүлүүдө.
Айрым мамлекеттик органдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорундагы кемчиликтерди белгилеп, сунуштарын беришти.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев электрондук добуш берүүнү киргизүүнү сунуштады.
«Шайлоолордо чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык шайлоочулардын санын аныктоо маселе жаратат. Ошондуктан, мында сыртта жүргөн жарандарга өзгөчө көңүл буруу керек. Биринчиден, добуш берүүгө келген шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын алууну, бюллетендерди жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле, электрондук добуш берүүнү киргизүү зарыл. QR-код менен күбөлөндүргөн форматты карап көрүү керек. 2023-жылдын 9-апрелинде Самаркандек-Ак-Сай-Ак-Татыр кеңештерине шайлоодо пилоттук негизде БШК менен эксперименталдык түрдө электрондук добуш берүү жүргүзүп көргөнбүз. Ошондо сыртта, 12 өлкөдө жүргөн шайлоочулардын 82 пайызы катышкан», – деди.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү аталган министрлик мыйзам долбоорундагы 61-берене боюнча сунушун жолдорун билдирди.
«Көп мандаттуу шайлоо округунан чыккан талапкерлер 40 календардык күндөн кечиктирбей документтерин тапшырышы керек. 61-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, талапкер паспортунун көчүрмөсүн, жогорку билими тууралуу дипломунун нотариалдык күбөлөндүргөн көчүрмөсүн ж.б. кагаз түрүндө тапшырат. Санариптик өнүктүрүү министрлиги санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча иштерди жсап жаткандыктан жана "Түндүк" тиркемеси ийгиликтүү иштеп жаткандыктан, ушул документтерди электрондук түрдө алууну сунуштайт», – деди аталган министрликтин өкүлү.
Ал эми башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзам долбоорундагы юридикалык кемчиликтерге токтолду:
«Башкы прокуратура бул мыйзам долбоорун толугу менен колдойт, бирок айрым жагдайлар боюнча кошумча сунуштарын жолдойт.
Биринчиден, мыйзам долбоорунда үгүтчүлөрдүн саны көбөйтүлүп жатат. Бирок эмне себептен көбөйтүлгөнү белгиленген эмес.
Экинчиден, күрөө маселеси. Күрөө белгилүү босого чектен өткөрүлгөндөргө кайтарылып бериши керек. Аны кайтарбоо юридикалык жактан туура эмес. Юридикалык түшүнүк боюнча күрөө түшүнүгү кайтарып берүү менен байланышкан.
Үчүнчүдөн, көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкер өзүн өзү көрсөтүүгө жана партиянын атынан катышууга укуктуу. Бирок алар бюллетенде кандай тартипте каралары көрсөтүлгөн эмес».
