Таш-Көмүрдө жоголгон жаранды издөөгө 58 адам тартылды
13 январь

Таш-Көмүрдө жоголгон жаранды издөөгө 58 адам тартылды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштери бүгүн, 13-январда улантылууда.

ӨКМден кабарлашкандай, издөө иштерине ӨКМден 38 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандардан 10, жалпы 58 адам, ошондой эле 4 дрон тартылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1978-ж.т. М.Д. аттуу адам Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Ошол күндөн бери издөө улантылууда жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алып жатат.