Бишкекте Токтоналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
2025-жылга карата пландын жана титулдук тизменин негизинде 5-апрелден тарта Токтоналиев көчөсүндө Абсамат Масалиев проспектисинен тартып «Жаштар кварталы» турак жай комплексине чейинки жол куруу иштери (1-этабы) башталат.
Мэриядан кабарлашкандай, буга байланыштуу №175 автобус каттамына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Каттам А. Масалиев, Бакаев жана Абдрахманов көчөлөрү аркылуу өтүп, «Ынтымак» жана «Калыс- Ордо» конуштары багыты боюнча жүрөт.
Курулуш иштерин «Технотоп» ЖЧК аткарат.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын-ала жол каттамыңызды пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунушталат.
