Бишкектин айрым аймактарында 26-июнда таза суу жок болот
24 июнь

Бишкектин айрым аймактарында 26-июнда таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 26-июнда саат 10:00дөн 17:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү району: Тунгуч кичи району, Рухий Мурас конушу, 44 Га, 50 Га Кырман конуштары.

Өчүрүү Сельский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.