«Кыргыз Агрохолдинг» УКМКнын Чек ара кызматы үчүн жеке тамактануу рациону жеткирүүсүн толук аяктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 858-р токтомуна ылайык, «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ортосунда жеке тамактануу рационун (ЖТР) жеткирүү боюнча контракт түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө «Кыргыз Агрохолдинг» ААК контрактта көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жана бекитилген графикке ылайык ЖТР жеткирүүсүн толук көлөмдө ишке ашырды. Жеткирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтому менен бекитилген № 8 Нормага ылайык жүргүзүлдү.
Бир күндүк рацион үч маал тамактанууга бөлүнөт: эртең мененки тамак, түшкү тамак жана кечки тамак. Жалпы 5300 килокалориядан ашат жана бул чек ара кызматкерлерин талаа шарттарында керектүү азык заттары менен камсыздоого мүмкүндүк берет.
Өзгөчө белгилей кетчү жагдай – мындай ЖТР биринчи жолу толугу менен ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлдү. Бул Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым болуп саналат.
«Кыргыз Агрохолдинг» ААК – мамлекеттик компания болуп эсептелет, анын негиздөөчүсү жана жападан жалгыз акционери – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети. Компаниянын ишмердүүлүгүн башкаруу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
«Кыргыз Агрохолдинг» ААК мамлекеттик органдардын муктаждыктарын сапаттуу, ата мекендик өндүрүштөгү продукция менен камсыз кылууну, ошондой эле агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүнү жана колдоону улантат.
