Эске салабыз! Жаңыланган Ала-Тоо аянты 21-сентябрда ачылат
19 сентябрь

Эске салабыз! Жаңыланган Ала-Тоо аянты 21-сентябрда ачылат

Жаңыланган борбордук Ала-Тоо аянты 21-сентябрда саат 18:30да ачылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кыргызстанда биринчи жолу бийлеген жана от жанган жаңы фонтандар иштей баштайт", - деп, мэриядан шаар тургундарын жана конокторду аянттын оңдоп-түзөөдөн кийинки расмий ачылышына чакырышты. 

Келген конок эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы чоң маданий программага күбө болушат.