Кыргызстанда акыркы суткада 45 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстанда акыркы суткада 45 өрт кырсыгы катталды, аларды өчүрүүгө 44 күжүрмөн эсеп тартылган.
ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 11;
- Ош шаарында – 2;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 15;
- Жалал-Абад облусунда – 8;
- Нарын облусунда – 1;
- Талас облусунда – 3;
- Баткен облусунда – 3.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.
