Республика боюнча ОРВИ менен ооруган 7,3 миң учур катталган
Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 49-жумасында (02.12-08.12.24-ж.) өткөн жумага салыштырмалуу республика боюнча 7335 КРВИ жана 1 сасык тумоо учуру катталган (и.к. 103,3), мурунку жумага салыштырмалуу 3,8%га жогору. Бардык оорулардын 70,1%ы 14 жашка чейинки балдар (5140 учур).
Республикалык көрсөткүчтөн жогору (и.к.103,3) Бишкек (254,1), Ош (164,8) шаарларында жана Ысык-Көл (124,5), Талас (131,1) облустарында катталып, ага ылайык республикалык көрсөткүчтөн 2,4 эсеге, 1,6 эсеге көп жана 20,5%га, 26,9%га жогору.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга эпидкөзөмөл жүргүзүү улантылууда.
Октябрь айынан бери (2024-жылдын 40-жумасынан 2024-жылдын 49-жумасына чейин) 809 үлгү чогултулган, анын ичинен 19у оң жыйынтык берген, анын ичинде COVID-19 – 15 учур жана 4 сасык тумоо учуру: грипп А (H1N1pdm) – 2 учур жана грипп В – 2 учур.
Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, анда РС вирусу басымдуулук кылууда– 28,8% (174), риновирус – 26,3% (159), I-IV парагрипп – 13,9% (84), аденовирус – 12,7 % (77), башкалар – 18,3% (111).
Республикада COVID-19 илдети боюнча жумалык мониторинг уланууда. 49-жума ичинде Ош шаарында СOVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды.
Республика боюнча сасык тумоо, ОРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.
Маалымат үчүн:
Абанын температурасынын төмөндөшү адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, иммундук системага таасир этип, организмдин коргонуу күчүн төмөндөтүшү менен адамдар түрдүү респиратордук вирустук инфекцияларга кабылышы мүмкүн.
Ошондуктан, КРВИ жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу үчүн сиз жөнөкөй эрежелерди сакташыңыз керек, мисалы:
- беткап кийүү режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
- дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө оозду жана мурунду жүз аарчы менен жабуу;
- үшүп калуудан жана ысып кетүүдөн сактануу;
- жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилер пайда болуп, өзүн начар сезген адамдарды өз убагында изоляциялоо;
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, үзгүлтүксүз жайларды желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.).
Эгерде сиздин балаңызда КРВИнин белгилери пайда болсо, үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз.
