Лейлек районунда УКМК кызматкерлерине кызматтык үй берилди
УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын 6-регионалдык бөлүмүнүн кызматтык үйү тапшырылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
УКМК башчысы атайын кызматтын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып жатканын белгилеп, кызматкерлерди жоопкерчилик менен иштөөгө жана мындан ары дагы мыйзам чегинде кызмат кылууну эскертти.
Жаңы кызматтык имарат Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунда айылында жайгашкан.
Эски имарат толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кошумча дагы имарат курулган. Натыйжада, жалпы 5 кызматкерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө ылайыкташкан заманбап шарттар түзүлдү.
