Бишкектин Свердлов районунда 105 жарнамалык баннер жана такталар алынып салынды
19 сентябрь

Бишкектин Свердлов районунда 105 жарнамалык баннер жана такталар алынып салынды

Бишкек шаарынын сырткы көрүнүшүн, көчөлөрдөгү коопсуздукту жакшыртууга жана жарнама жаатындагы мыйзам ченемдерин сактоого багытталган рейддик иш-чаралар уланууда.

Мэриянын маалыматына караганда, Свердлов районунун аймагында Лермонтов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин 105 жарнамалык баннер жана калкандар демонтаждалган.

Рейд Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана "Тазалык"муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө орнотулган жарнамалык конструкциялардын колдонуудагы нормативдерге ылайык келүүсү тыкыр текшерилди.