Шавкат Мирзиёев өзүнүн кызын президенттик администрациясынын жетекчиси кылып дайындады
24 июнь

Шавкат Мирзиёев өзүнүн кызын президенттик администрациясынын жетекчиси кылып дайындады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин тун кызы Саида Мирзиёева президенттик администрациянын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Шерзод Асадов билдирди. 

Саиданы кызматка дайындоо боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы чыккан. Саида Мирзиёева буга чейин, тактап айтканда, 2023-жылдын августунан тарта президенттин жардамчысы, 2022-жылдын ноябрынан тарта президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басарлыгын аркалап келген. 

Саида Мирзиёева деген ким? 

Саида Мирзиёева 1984-жылдын 4-ноябрында Коканд шаарында туулган. Ал Шавкат Мирзиеев менен Зироатхон Хошимованын тун кызы. Саиданын Шахноза аттуу сиңдиси жана 2009-жылы туулган Миралишер аттуу иниси бар.