Америкага виза алуу үчүн кыргызстандыктар эми 20 миң долларга чейин күрөө төлөшү керек
АКШ 3-августтан тарта туристтик жана иш сапар визаларын (B-1/B-2 категориясы) алууга арыз берген 50 өлкөнүн жарандары үчүн визалык күрөө төлөө боюнча туруктуу талап киргизди.
Күрөөнүн максималдуу өлчөмү 20 миң долларга чейин болушу мүмкүн.
Жаңы талап Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Грузиянын жарандарына, ошондой эле Африка, Азия жана Латын Америкасындагы бир катар мамлекеттердин өкүлдөрүнө тиешелүү.
Күрөөнүн суммасын визаны берүү боюнча арызды кароодо консулдук кызматкер ар бир жаран үчүн өзүнчө аныктайт.
Эгерде арыз ээси АКШнын аймагынан белгиленген мөөнөттө чыгып кетсе, берилген визаны колдонбосо же өлкөгө кирүүгө уруксат берилбесе, төлөнгөн каражат кайра кайтарылат.
Ал эми чет өлкөлүк жаран АКШда болуу шарттарын бузса же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калса, күрөө мамлекеттин эсебинде калат.
Жаңы тартип америкалык бийликтин маалыматына ылайык, визалык эрежелерди көп бузган жана АКШда уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калып кеткен өлкөлөрдүн жарандарына карата колдонулат.
Бул талап буга чейин жүргүзүлгөн пилоттук программанын жыйынтыгынан кийин киргизилди. Мурда консулдук мекемелер күрөөнүн көлөмүн 5 миң, 10 миң же 15 миң доллар өлчөмүндө белгилей алышкан.
Эми күрөөнүн максималдуу суммасы 20 миң долларга чейин көбөйтүлдү.
АКШ бийлиги бул чара визалык эрежелерди бузууларды жана иммиграциялык эмес визаларды мыйзамсыз пайдалануу учурларын азайтууга жардам берет деп эсептейт.
Буга чейин америкалык маалымат каражаттары мөөнөтү өтүп кеткен визалар менен жүргөн чет элдик жарандарга карата АКШнын Иммиграция жана бажы көзөмөл кызматы тарабынан текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдиришкен. Маалыматтарга ылайык, кармоолор бир нече штаттын аэропортторунда жүргүзүлгөн.
