Ысык-Көлдө автоунаадан акча уурдоо фактысы боюнча шектүү кармалды
2025-жылдын 28-июнь күнү Чолпон-Ата шаарындагы конок үйлөрдүн биринин жанында токтоп турган автоунаадан акча жана жеке буюмдар уурдалгандыгы боюнча Ысык-Көл РИИБге арыз келип түшүп, катталган. Бул фактыга байланыштуу Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жаран 2025-жылдын 15-июль күнү кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Кылмышка шектүү — Бишкек шаарынын 1983-жылы туулган тургуну А.Э. болуп чыкын.
Эске салсак, 2025-жылдын 28-июнунда саат 11:47 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө И.Л. аттуу жарандан автоунаасынан 67 000 сом акча, паспорту жана товардык чектер уурдалганы тууралуу билдирүү түшкөн. КИА K5 үлгүсүндөгү автоунаанын салонуна белгисиз адам жарым-жартылай ачык турган каптал айнек аркылуу мыйзамсыз киргендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда шектүүнүн Ысык-Көл районундагы башка кылмыштарга да тиешеси бар экендиги боюнча тергөө амалдары уланууда.
