Бишкек – Шарм-эль-Шейх багытындагы каттамдар кыш мезгилинде токтотулат
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 ноябрь

Бишкек – Шарм-эль-Шейх багытындагы каттамдар кыш мезгилинде токтотулат

2026–2027-жылдардын кыш мезгилинде Бишкек – Шарм-эль-Шейх багыты боюнча бардык авиакаттамдар токтотулат. Бул багыттагы акыркы учак 5-ноябрда учат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, авиакаттамдардын токтотулушуна Египеттин аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүүсүнө байланыштуу эрежелердин өзгөрүшү себеп болгон.

Кыш айларына авиабилеттерди алдын ала сатып алган жүргүнчүлөргө авиакомпанияларга же туристтик операторлорго кайрылуу сунушталат.

Алардан билеттердин акчасын кайтарып алуу, сапарды башка күнгө жылдыруу же альтернативдүү каттамдарды тандоо тартибин тактоого болот.

Учурда Бишкек – Шарм-эль-Шейх багыты боюнча түз аба каттамдары качан жанданары белгисиз. Каттамдар калыбына келтирилген учурда жүргүнчүлөргө кошумча маалымат берилет.