Бишкекте эки окуучу ортосунда чыр чыгып, бирөө көз жумду
15 апрель

Бишкекте эки окуучу ортосунда чыр чыгып, бирөө көз жумду

Бишкектеги №31 мектепте бүгүн каргашалуу окуя катталып, бир окуучу кыз көз жумган. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, сабак учурунда 7-класстын эки окуучусу ортосунда чыр чыгып, 14 жаштагы бала 15 жаштагы кызды чаап жиберген. Натыйжада кыз эсин жоготкон.

"Мектепке Тез жардам кызматы чакырылган, бирок кыз дарыгерлер келгиче көз жумган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.