Ош облусу менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу кызматташтыкты өнүктүрөт 
23 март

Ош облусу менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу кызматташтыкты өнүктүрөт 

Ош облусу менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу кызматташтыкты өнүктүрөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө айтылат. 

Белгилей кетсек, Тажикстан президентинин ушул жылдын 12-13 мартында Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Ош облусу менен Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 2025-2030-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлган.

Аталган программаны ишке ашыруу алкагында жана Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун төрагасынын чакыруусунда 2025-жылдын 20-23-март күндөрү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин тапшырмасы менен орун басары Талантбек Арстанкулов жетектеген кыргыз делегациясы Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна иш сапары менен барды.

Хорог шаарында Т. Арстанкулов Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун төрагасы Мирзонабот Алишер Худоберди менен жолугушуп, мындан аркы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, Ош облусу Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу менен чектеш. Бизде биргелешкен географиялык чек аралардан тышкары, маданиятта, салттарда жана жашоо таризинде дагы көптөгөн окшоштуктар бар. Атап айтсак, Нооруз майрамы. Бул биздин аймактардын ортосундагы достук мамилелердин жана маданий байланыштардын маанилүүлүгүн далилдейт.

Ош облусу жана Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун ортосунда 2025-2030-жылдарга карата кызматташтык программасы соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий жана гумманитардык байланыштарды камтыйт. Бул документ биздин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүндөгү маанилүү кадам болуп саналат жана биз бул программа алкагында биргелешип иш алып баруу келечекте зор жыйынтыктарды берет деп ишенебиз», – деди ал Талантбек Арстанкулов өз сөзүндө.