Баткенде чек арачы жоокерлерге ооз ачар өткөрүлдү
23 март

Баткенде чек арачы жоокерлерге ооз ачар өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдилазиз кары Закиров Баткен облусундагы чек арачылар үчүн ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул рамазандык демилге Баткен шаарында жайгашкан №2022 жана №2053 чек ара аскер бөлүктөрүндө уюштурулду.

Ооз ачарга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен районунун акими, Баткен шаарынын мэри, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы, Аалымдар Кеңешинин төрагасы, муфтийдин орун басарлары, КМДБнын кызматкерлери жана чек арада кызмат өтөгөн жоокерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлө жана Мекенди сүйүү темаларына арналган баяндар айтылып, аскер кызматкерлерине моралдык колдоо көрсөтүлдү. Ооз ачар соңунда жоокерлердин ардактуу кызматына ийгилик кааланып, тынчтык тиленди.

Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп, чек арадагы аскерлерге моралдык дем берүү максатын көздөйт.