
Москва боюнча "Смотрящий" деп аталган жаран кармалып, Бишкекке алынып келинди
Ушул жылдын 10-июнунда Москвада Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн М.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу КР ИИМ билдирет.
М.М. уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал оор кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталууда.
Ыкчам маалыматтарга караганда, М.М. Москва жана Москва облусу боюнча "смотрящий" деп аталган милдеттерди да аткарган. Кылмыш дүйнөсүндө жогорку макамга ээ.
2025-жылдын 10-июнунда ыкчам-издөө иш-чараларыны жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери, Россия Федерациясынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Москва шаарында М.М. аттуу жаранды кармашкан.
Азыркы учурда эл аралык мыйзамдарды жана эрежелерди так сактоо менен, кармалган жаран учак менен Кыргыз Республикасына алып келинди.