
Сауд Аравиясы умрага барчулар үчүн жаңы талаптарды киргизди
Чет өлкөлүк жарандар үчүн Сауд Арабиясына барууну пландап жаткан чет элдик жарандар үчүн жаңы медициналык-санитардык талаптар жана сунуштар киргизилди
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, 2025-жылы умра кылуу максатында Сауд Арабия Падышачылыгына барууну пландаган чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы медициналык-санитардык талаптар жана сунуштар киргизилгендигин маалымдайт.
Жаңы медициналык-санитардык талаптарга жана сунуштарга ылайык, умра кылууну пландап жаткан бир жаштан жогорку бардык чет өлкөлүк жарандар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүүгө жана тиешелүү сертификатка ээ болушу тийиш. Менингококк менингитине каршы эмдөө Сауд Арабия Падышачылыгына келгенге чейин кеминде 10 күн мурун же вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жылдын ичинде алынышы керек.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, умра кылууну пландаган Кыргыз Республикасынын жарандарына Сауд Арабия Падышачылыгынын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жарыяланган жаңы талаптар жана сунуштар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууну сунуштайт: https://www.moh.