Бишкекте IV Элдик курултайдын экинчи күнү уланууда
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултайдын экинчи күнү уланууда.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулду. Иш-чарага чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана диний конфессиялардын өкүлдөрү да чакырылган.
Күн мурун, 25-декабрда курултайдын биринчи күнү болуп, иш-чара акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу тасма көрсөтүү менен башталган.
Андан соң президент Садыр Жапаров бир катар программалык билдирүүлөрдү жасап, коомдук мааниге ээ болгон негизги маселелерге жана өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
Түз эфир УТРКнын эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү.
