Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо ЖМК жана интернет басылмаларды аккредитациялоо башталды
19 сентябрь

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо ЖМК жана интернет басылмаларды аккредитациялоо башталды

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышуу каалоосун билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 2024-жылдын 27-сентябрын кошуп алганга чейин белгиленген мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда лидердин аты-жөнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын же интернет-басылманын координаттарын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү зарыл;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкердин салык органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн (патенттин) көчүрмөсү (интернет басылмалары үчүн);

- маалымат жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсүн;

- уставдын көчүрмөсүн (бар болсо);

- эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмага жарыялоо укугун бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү жана тѳлѳмдүн башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалымат.

Бул шайлоолордун өзгөчөлүгүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт иштерин жүргүзүүдө аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу ѳтѳ маанилүү.