Равшанбек Сабиров эмгек министри болуп дайындалды
Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Сабиров Равшанбек Азатович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
