Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду
3 декабрь

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду

2025-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге М.Ж. жана С.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чет элдик жарандарга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, көрсөтүлгөн күнү, Бишкек шаарынын Рухий Мурас-1 конушунда денесине залал келтиришкен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган М.С., 2006-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүлөргө карата Бишкек шаарынын 21-тергөө абагына камакка алуу бөгөт чарасын колдонулган.

Тергөө уланууда.