Жол ачык, каттам бар. Ашуулардагы абал
26 декабрь

Жол ачык, каттам бар. Ашуулардагы абал

Бүгүн, 26-декабрь саат 09:00гө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Аймакты караган Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылууда.

Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган бардык унаа жолдордо тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгилейт.