Ысык-Көлдө акысыз укуктук жардам декадасы өтүүдө
9 декабрь

Ысык-Көлдө акысыз укуктук жардам декадасы өтүүдө

Ысык-Көл облусунда акысыз укуктук жардам декадасы өтүүдө, деп кабарлайт президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. 

Иш-чара Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү:

  • Салык кызматы,
  • Соцфонд,
  • Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги,
  • Акыйкатчы институту,
  • Кадастр,
  • Калкты тейлөө борбору,
  • Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жана адвокаттар катышууда.

"2-декабрдан бери 478 жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү. Айрым жарандарга жеринде мамлекеттик адвокаттар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, декада 12-декабрда аяктайт.