Бишкекте чет элдик жаран кармалып, граната жана октор алынды
28 февраль

Бишкекте чет элдик жаран кармалып, граната жана октор алынды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкекте "А" аттуу жаранда граната жана ок-дарылары бар экендиги жана ал куралдар менен кылмыш жасоону көздөп жүргөндүгү маалым болгон. 

ИИМден кабарлашкандай, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү жана жашаган дареги аныкталып, ал чет элдик жаран экендиги такталган.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. 

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда, РГД-5 үлгүсүндөгү граната, Калашников автоматынын жана Макаров тапанчасынын октору, уюлдук компаниялардын сим карталары, банк карталары жана шек жараткан китептер табылган. 

Кылмышка шектүү катары чет өлкөлүк 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.