25 жыл мурун мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад облусунун Административдик соту Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча боюнча аймактык башкармалыгынын доосун административдик соту канааттандырды.
Соттук териштирүүдө белгилүү болгондой, 2000-жылы Масы айыл өкмөтү Ноокен райондук борбордук ооруканасына таандык 15 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберген.
Жыйынтыгында соттун 2000-жылдын 19-августундагы чечими менен айыл өкмөтүнүн №422 буйругу жараксыз деп табылып, талаштуу жер тилкеси ооруканага кайтарылып берилди.
Министрлик суу жана жер мыйзамдары жаатындагы мамлекеттик уюмдардын бузулган мүлктүк укуктарын аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди улантууда.
