Бишкектин айрым жерлеринде 22-майда ичүүчү суу болбойт
Бишкектин айрым жерлеринде 22-майда саат 10:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү суу болбойт, деп билдирет «Бишкексууканал» ишканасы.
Өчүрүү району:
• Токтоналиев көчөсүнүн №86 үйүнөн тартып Токтоналиев көчөсүнүн №137а үйүнө чейин
Ичүүчү сууну өчүрүү диметри 100мм шаардык суу түтүк тармактарындагы иштерин Токтоналиев №88 дарегинде жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
