Кыргызстанда альтернативдик кызмат өтөө үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү сунушталууда
10 февраль

Кыргызстанда альтернативдик кызмат өтөө үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү сунушталууда

Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында каралды.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков союз тарагандан бери аскердик кызматтын сапаты төмөндөгөнүн, көп жигиттер аскерге барбаштын амалын жасап калышканын белгиледи.

“Ар бир кыргызстандык жигит аскерде кызмат өтөшү керек. Силер альтернативалык кызматтын төлөмүн көбөйтүүнү сунуштап жатасыңар. Бирок анын сапатын да караш керек. Альтернативалык кызмат – мындай айтканда, үйдө отуруп эле кызмат өтөө да. Алардан кантип күжүрмөн жоокер даярдайсыңар? Булар бир жумага барып-келип турушабы же кандай? Мамлекетке коркунуч келип калса, кантип курал кармап, чек араны коргошот. Биздин башыбыздан өттү, Баткен окуясында альтернативалык кызмат өтөгөндөр чакырылып, бирок алар куралдын аталышын, кантип атылаарын да билбей турганы белгилүү болгон. Акчасын эле ала бербей, сапаттуу даярдаш да керек эмеспи”, – деди депутат.

Коргоо министринин биринчи орун басары Таирбек Отонбаевдин айтымында, альтернативалык кызмат өтөгөн жарандар тынчтык маалында мобилизация резервине кирбейт, бирок согуш маалында аскер катары тартылышы мүмкүн.

“Согуш талаасында жоокерге кандай талап коюла турган болсо, булар бир айдын ичинде ошол даярдыктан толук кандуу өтүшөт. Бирок заманбап техникалар өтө оор, татаал жана кымбат баалуу болгондуктан контракттык кызмат өтөөдө алар колдонулбайт. Биз альтернативалык кызмат өтөөчүлөрдөн катардагы механик, айдоочу, пулеметчуларды даярдайбыз”, – деди полковник.

Айтымында, альтернативалык кызмат өтөөнү тандап алгандар анчалык көп эмес. Жылына орто эсеп менен 20-25 миң жаран контракттык негизде аскердик даярдыктан өтөт.

“Бул ар бир жарандын Конституцияда каралган укугу. Мамлекет ошол укукту ишке ашырганга шарт түзүп бериши керек”, – деди Отонбаев.