Кадамжайда милиция кызматкерине пара сунуштаган жаран кармалды
Кадамжайда милицияга пара сунуштаган жаран кармалды, деп кабарлайт Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Э.И. аттуу жаран Mercedes Benz 320 үлгүсүндөгү автоунаасын автоэнбаштык менен айдап бараткан жеринен токтотулган.
Унаасы тиешелүү тартипте милициянын убактылуу токтотуучу короосуна киргизилип, окуя маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Жаран мыйзамдуу чара көрүлбөшү үчүн милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн башчысына акча сунуштап, пара берүү аракетин жасаган. Бирок бул аракет дароо Баткен ОИИБдин ички иликтөө кызматы тарабынан кармалып, Э.И. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“Пара берүү”) боюнча жоопко тартылууда.
