Трансулуттук кылмыштуу топтун катышуучуларын кармоо боюнча масштабдуу атайын операция өткөрүлдү
24 сентябрь

Трансулуттук кылмыштуу топтун катышуучуларын кармоо боюнча масштабдуу атайын операция өткөрүлдү

Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жана бир катар чет мамлекеттердин жарандары эл аралык кылмыштуу коомдоштукту түзгөндүгү аныкталган. Алар Кыргызстандын аймагында жүргөндө колл-борборлорду уюштуруп, АКШ, Канада жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарына телефон чалып, алдамчылык менен алектенишкен.  

Кылмышкерлер алдамчылыктын ар кандай схемаларын колдонушкан: жасалма документтерди жасоо, жасалма компанияларды түзүү, социалдык тармактар, мессенджерлер жана криптовалютага байланышкан телефон алдамчылыгы. Топтун бардык мүчөлөрү Түркияда таанышып, акыркы үч айда Кыргызстанга келишкен. 

Бишкек шаарындагы бир нече даректерди тинтүү учурунда ыкчам кызматкерлер тарабынан 9 ноутбук, «Apple» үлгүсүндөгү  планшет, 20 уюлдук телефон, 26 720 АКШ доллары жана 550 евро өлчөмүндөгү акча каражаты, фигуранттардын паспорттору, чет өлкөлүк операторлордун уюлдук карталары, 22 банк картасы, 4 Wi-Fi роутер, ошондой эле жалпы салмагы 23,6 грамм болгон баңги каражаты (кара куурай) табылган.

Атайын операциянын натыйжасында төмөнкүлөр камакка алынды: 
1. чет мамлекеттин жараны Н. А.- кылмыштуу топтун уюштуруучусу, 2025-жылдын июлунда Кыргызстанга келген;
2. чет мамлекеттин жараны 2000-жылы туулган А.Е.,  уюштуруучунун ишенимдүү адамы. Жайларды ижарага алуу жана иштөө үчүн шарттарды түзүү үчүн жооптуу болгон. 2024-жылдын августунда келген;
3. Кыргызстандын жараны 2001-жылы туулган Г.В., имараттын ижарасына көмөктөшүп, топтун ишмердүүлүгүн жаап-жашырып, катышуучулар ага конокко келишкенин билдирген;
4. чет мамлекеттин жараны 1991-жылы туулган М.Р., маалымат коопсуздугу боюнча адис катары көрсөтүлүп, кардарлар менен байланыш түзгөн.  2025-жылдын августунда келген;
5. чет мамлекеттин жараны 1995-жылы туулган А.Л., коопсуздук кызматкери катары тааныштырган, кардарлар менен сүйлөшкөн. 2025-жылдын августунда келген;
6. чет мамлекеттин жараны 1992-жылы туулган К.Г., кардарлар менен байланышуу үчүн жооптуу болгон. 2025-жылдын августунда келген.
7. чет мамлекеттин жараны 1998-жылы туулган М.,  кардарлар менен байланыш түзгөн. 2025-жылдын июлунда келген;
8. чет мамлекеттин жараны 2001-жылы туулган К.М., кардарлар менен байланыш түзгөн. 2025-жылдын июлунда келген.

Кылмыштуу топ уурдалган криптовалютаны кайтарып алууга адистешкен   жасалма компанияларды түзгөн. Юридикалык же техникалык жардамдын түрлөрүнө жамынып, кылмышкерлер жабыр тарткандардын ишенимине кирип, алардын акчасын кайра алдап кетишкен. 

Алдоо үчүн чыныгы уюмдардын ишин туураган жасалма юридикалык компаниялар жана сайттар колдонулган. Кылмышкерлер крипто капчыктарга кирүүгө же смарт-келишимдерге кол коюуну суранышкан, бул активдерди көзөмөлдөөнү толук жоготууга алып келген. Жабырлануучулардын эмоцияларын манипуляциялоо менен, алар ийгиликтүү делген иштерди мисал кылып, акчаларын тез кайтарып алууга кепилдик беришкен.   

Мындан тышкары,  кылмышкерлер социалдык тармактардан сүрөттөрдү таап, жасалма интеллекттин  жардамы менен жасалма документтер  (паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр ж.б.)  үчүн сүрөттөрдү түзүшкөн. Бул аракеттер   электрондук түрдөгү алдамчылык схемаларда колдонулган.  Бул факты,  алынган ноутбуктардын биринен табылган файлдар менен тастыкталат. 

Жабыр тарткандардан алынган каражаттар Европада жашаган жана «Маршмеллоу» лакап аты менен белгилүү Иван аттуу белгисиз адамдын көзөмөлүндө турган Европалык банктардагы эсептерге которулган жана топтолгон. 

Учурда кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.  Иш боюнча тергөө иштери уланууда.