Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 27-ноябрда саат 14:56да катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга (Кара-Киндик айылынан 10 чакырым Түштүк чыгышта, Сары-Таш айылынан 23 чакырым түндүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 105 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
