"Ысык-Көл" жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда релелик коргоо жана автоматика панелдери жаңыланат
28 февраль

"Ысык-Көл" жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда релелик коргоо жана автоматика панелдери жаңыланат

Ысык-Көл электр тармактарынын релелик коргоо кызматы күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында "Ысык-Көл" жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда эскирген коргоочу панелдерди алмаштырат.

Энергетика министрлиги кабарлагандай, жалпысынан бул көмөк чордондо 13 жаңы заманбап релелик коргоо жана автоматика панелдери алмаштырылат.

“"Ысык-Көл" көмөк чордону толук Ысык-Көл облусун электр жарыгы менен камсыз кылат.

Релелик коргоо электрдик автоматиканын эң маанилүү түрү болуп саналат, ал энергетикалык системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, энергетикалык жабдуулардын бузулушун алдын алуу же бузулуунун кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл.

Релелик коргоо жана автоматика панелдери жогорку чыңалуудагы электр зымдарынын жана трансформаторлордун кыска туташууларынан, ашыкча жүктөөлөрдөн жана башка туура эмес шарттарынан коргоо үчүн арналган.

Айта кетсек, жаңылана турчу 13 коргоочу панелдер “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому тарабынан каржыланган.

Мындан сырткары, релелик коргоо кызматы 61 жогорку көмөк чордондорунда 4995 даана электр жабдыктарын техникалык тейлөөдөн өткөрөт.

Күз-кыш айларына өз убагында жана сапаттуу даярдануу өзгөчө кырдаалдардын алдын алып, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.