Ош:  Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата даярдык иштери текшерилди
20 май

Ош: Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата даярдык иштери текшерилди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таңкы рейддик кыдыруунун алкагында улуу акын Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата даярдык иштерин көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Мэр Жолон Мамытов атындагы аллеяда жүрүп жаткан оңдоо жана көрктөндүрүү иштерин жеринде текшерип, курулуштун белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү зарыл экендигин билдирди.

Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга аяллеянын айланасындагы турак үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү, тазалагын камсыз кылуу жана бак-дарактарды бутап, бирдей көрүнүшкө алып келүүнү тапшырды.