Ошто 14-июндан тарта “Жапалак” унаа базарынын бир бөлүгү ачылат
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 31-майда тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кезектеги рейдди Көкүм-Бий көчөсүндө өткөрдү.
Мында 300 диаметрдик таза суу түтүгүн талапка ылайык жер астынан алып өтүү жумуштарын, андан ары муниципалдык менчикке кайтарылган бала бакчаны кайрадан толук оңдоп түзөөдөн өтүп жаткан имараттын курулушун көрүп, сапаттуу, ыкчам бүткөрүү тапшырмасын койду.
Ошондой эле аталган көчөнү бойлой каналдын жээгинде корук аймагына курулуп калган курулуштарды, тосмолорду алып салуу иштерин тездетүүнү тапшырды.
Рейддин жүрүшүндө мындан сырткары калаа башчысы “Жапалак” автоунаа базарына барып, ал жерде жүрүп жаткан курулуш жана иретке келтирүү иштерин көрүп чыгып, базардын европа унаа катарын 14-июндан баштап ачып, унааларды кабыл алууну милдеттендирди.
