Өзгөндө жолдошу тарабынан сабалган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду
Өзгөндө жолдошу тарабынан сабалган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 29-майда Өзгөн райондук милициясына К.З., аттуу аял арыз жазып, анда жолдошуна карата мыйзамга ылайык чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын негизинде жабырлануучуга карата соттук-медициналык-экспертиза дайындалып, ошол эле күнү коргоо ордери берилген.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу З.К. ден соолуктун бузулушуна алып келген жеңил жараат алганы аныкталган.
Учурда бул факты боюнча жолдошу А.Ш. карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен жаран А.Ш. аракеттерине карата юридикалык баа берилет.
