Таласта жол кырсыктарынын алдын алуу чаралары  талкууланды
4 апрель

Таласта жол кырсыктарынын алдын алуу чаралары талкууланды

Талас облусунда жол кырсыктарынын алдын алуу чаралары талкуулангандыгын ЖКККББнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Билдирүүдө айтылгандай, тиешелүү жетекчилердин катышуусунда жыйын өтүп, анда жол кырсыктарынын алдын алуу багытындагы көрүлүп жаткан иш-чаралар талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө ЖКККББнын жетекчилиги жол коопсуздугу багытында өлкө башчынын 1-сентябрдан тартып күчүнө кирүүчү тапшырмасын жеткирип, анын алкагында жумушчу топ түзүлөөрүн жана тийиштүү ченемдик-укуктук актылар иштелип жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле өлкө аймагындагы жол коопсуздугунун абалына токтотулуп, жол кырсыктарына себепкер болгон учурлардын алдын алуу, жолдордун абалына, унаалардын техникалык каражаттарына, коопту болгон жол тилкелерине тийиштүү эскертүү жол белгилеринин, тосмолорунун болууларына, ал эми өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алууда билим берүү мекемелери менен биргеликте тыгыз иш алып баруу жагдайларын белгиледи.