Tunduk мобилдик тиркемесинде эки жаңы кызмат пайда болду
Tunduk мобилдик тиркемесинде эки жаңы кызмат пайда болду, деп билдирет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.
Эми сиз электрондук форматта төмөнкү маалымкаттарды ала аласыз:
- психиатриялык диспансердик эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат;
- наркологиялык эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат.
Бул маалымкаттар:
- Tunduk тиркемеси аркылуу онлайн алынат
- Юридикалык күчкө ээ
- Күнү-түнү жеткиликтүү
- мамлекеттик жана жеке уюмдар тарабынан кагаз түрүндө талап кылынбастан кабыл алынууга тийиш
